Эдил Байсалов "Liglass'тын" башчыларын суракка алууну талап кылууда

Бишкекте, 18-сентябрда активист Эдил Байсалов маалымат жыйын берүүдө. Тема - Кыргызга ГЭС курарын билдирген "Liglass" компаниясынын тегерегиндеги кырдаал.

Байсалов аталган компаниянын жүзүн ачууга чехиялык ММКлар негиз бергенин айтат.

"Алгач Кыргызга ГЭС курууга европалык компания табылды дегенде башка жарандардай эле мен да сүйүнгөм. Бирок көп өтпөй чех ММКлары "орусиялык гигант компания "Русгидрону" алмаштыра турган кандай компания" деп иликтей башташты. Компаниянын каржысы, буга чейин курган ГЭСтери жок экенин жазышты. Ошондон кийин мен "Кыргыз өкмөтү шалаакылык кылдыбы же чыккынчылык кылдыбы" деп маселе көтөрдүм. Мамлекеттик байлыкты ушуларга карматканы жатышат", - деп билдирди.

Байсалов аталган компаниянын жетекчилерин өлкөдөн чыгарбай кармап, суракка алууну ИИМден талап кылды.

Эртең, 19-сентябрда "Liglass" компаниясы убада кылган 37 миллион долларды Кыргызга которуу мөөнөтү бүтөт. Бишкекте бүгүн аталган компаниянын жетекчилиги маалымат жыйын берип, Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө келгенин айтышты. Бирок 37 миллион доллар качан которуларын айта алышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-09-18 17:35:29
Кыргыздар чыккынчылыгыз каныбызда бар. Тарыхта эң чоң ката кетиргенибиз , ал Исаковду өлтүргөнүбүз. Ошол учурда Кумтөр Канадалктарга өтүп кете берди.
Баяманды өлтүрдү, акыры келип Ошто өзбектер баш көтөрдү. Эми чыгаан мыкты жигиттерибизди каматып салышты.
Кудай буйруса жакшы президент келсе экен. Э.Байсалов чынында кыргызга күйгөн балабы же пиар үчүнбү билбейт экем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан