Германияда эс-учун жоготуп кулап түшкөн пенсионерге жардам бербей койгондор соттолууда

Германияда банктан өзүн жаман сезип кулап түшкөн пенсионерге жардам бербей койгон 3 адамдын үстүнөн сот иши жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 83 жаштагы эркек киши банкоматтын жанынан эс-учун жоготуп кулап түшүп, башы полго тийген. Бир жумадан кийин ал каза болгон. Пенсионер кулаган маалда аны биринчи көргөн адам карабай койгон. Бирок кийин ал оорулуу экендиги белгилүү болгон. Кулап жаткан адамды көргөн бешинчи киши гана "Тез жардамды" чакырган. Натыйжада ага медициналык жардам жыгылганынан 20 мүнөт өткөн соң көрсөтүлгөн.

Пенсионердин жерде жатканын көрүп, үстүнөн аттап өткөн адамдардын ким экени кийинчерээк камера аркылуу аныкталган. Немистердин мыйзамы боюнча тез медициналык жардам көрсөтпөгөн адамдарга айып пул салынып, алар бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мыйзамга ылайык, эгер адам биринчи медициналык жардам көрсөтө албаса сөзсүз түрдө "Тез жардам" кызматын чакырышы керек.

83 жаштагы пенсионерге жардам бербей койду деп күнөөлөнүп жаткандардын экөө эс-учун жоготуп жыгылган адамды бомж деп ойлошконун айтышкан. Бирок прокурор пенсионердин таза кийинип жүргөнүн белгилеп, ага кайдыгер мамиле жасагандар анын үйсүз адам эмес экенин билгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anuvar0903
2017-09-18 18:14:00
Түнү бир кызыктай үндөр угулду го асмандан мен көчөдө келе жатып аябай коркуп кеттим барган сайын звугу да азайып барып жоголуп кетти
Админ толук маалымат барбы эмне деген нерсе катталды
+4
raykray
2017-09-19 00:38:21
anuvar0903,кайдагы звук кайсы жердесин
+1
anuvar0903
2017-09-19 01:15:52
raykray,ошто түнү саат 2ге жакын
+1
zhykyo
2017-09-18 22:28:53
Ууу ууу деген албарстылар окшойт
+2
moskva007
2017-09-19 08:57:28
Эми биро катуурак машинасын айдап койсо деле ызы чуу кыла бергиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан