БШК: "Юридикалык академиянын мугалими Жээнбековду шайлоого үгүттөп жатат деп айтылган аудиоматериалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет"

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын мугалими КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет. Аудиожазуунун жогоруда аталган окуу жайдын ректору монтаж деп атады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов: "Окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн окуу жайдын өкүлдөрү БШКга чакырылды. Атайын комиссиянын чечими менен материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет. КМЮАнын жетекчилиги жөн гана куратордук сабактар болуп жатканын айтууда. Негизи мугалимдер муниципалдык кызматкер болбогондуктан үгүт иштерин жүргүзө алышат. Бирок жумуш учурунда эмес жана коркутуулар болбошу керек", - деди.

Айта кетсек, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова бул окуя тууралуу айткан. Андан соң аудиожазуу интернетке тарап коомчулукта зор талкуу жараткан. Мындай көрүнүштөргө каршы 17-сентябрда "Биз коркпойбуз!" аталышындагы акция өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, коомдук активисттер жана студенттер катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mr.ulan89
2017-09-19 09:31:04
Эми муну да монтаж деп чыкпаса болду даана эле корунуп турат го
+1
Nargiza1987k
2017-09-19 09:39:22
Шылтоо табылган турбайбы монтаж дейтта эми акмактар
+1
Best.bakyt
2017-09-19 09:42:13
Бийлик озунун былыгын жабыш учун Жээнбековту откоргонго болгон аракетин кылыт. Аларга мамлекеттин онолушу, мамлекет учун иштеген адамдын келиши бир тыйын. Бийликке солбуроглн бироо туруп берсе артынан дале озлору башкаргысы келет. Атамбаев ото сабатсыз адам экен.
+1
Lu4ano
2017-09-19 10:09:26
прокуратурага кирсе еле Жеенбеков отурат =))))
+1
Adil706070
2017-09-19 10:33:44
Азыр бийлик мамлекеттик ишкерлерди кагазга атын фамилиясын жазып алып жатышыптыр мугаимдерден.эртен компьютер аркылуу ошол адамдар колдогон болуп чыга келишет.Сен кааласан каалабасан тууралап койот экен .Бийликтен кысым башталды
+2
Lu4ano
2017-09-19 10:43:57
кандай болбосун мунун баары саясат карап тургула баари бир Бабанов болот бул Атамбаевдин саясаты
0
kenjebek_a
2017-09-19 10:49:23
Эми текшерип анан дегиче убакыт отот.Шайлоо отот бийликтин адамы президент болот калганы бутот.Сасык деген созду Кыргызстан боюнча мен деген профессор тилчи академиктер чечмелеп бералбагандай иш болот.Болбосо тилди онуктургонго болгон милиондорду жеп олтургандар кок мээби же сасык деген соз АШАнын оозунан чыккан учунбу.Кыскасы прокуратура,МВД,тилчи баары олгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан