Акылбек Сариев президенттик шайлоодон кийин чыр чыгарышы мүмкүн болгон жагдайды атады

Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев: "Шайлоодон кийин чыр чыгарышы мүмкүн болгон жагдай - кошумча шайлоо тилкелери. Тилекке каршы, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо тилкелери жөнүндө чечим кабыл алып, аны БШК бекиткен. Мыйзам боюнча, кошумча шайлоо комиссиясы деген нерсе жок. 2015-жылы да бул маселе көтөрүлгөн, бирок 2 жылдын ичинде мыйзам оңдолгон жок. Кошумча шайлоо тилкелеринин чек арасы да аныкталган эмес. Бул БШКнын өзүм билемдиги, мыйзам бузгандык", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuba.kq8705
2017-09-19 16:39:12
ар шайлоонун алдында эл менен жолугушканы келишет бардык талапкерлер стадиондорго башканы жасабаса да ошол оздору чогулуш откоруп жургон стадиондорду жасап беришбейби элге суйунуп калат элек бабанов мырза
0
admin_superstan
2017-09-20 09:55:49
ukmuw-ukmuw, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү сызыгы толгондугу үчүн Түбөлүк БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан