Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.
Жыйында Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодогу чыр талкууланды. Аталган аймакка шектүү бюллетендер кантип жеткени суроо жаратты.
"Жалпы 9300 бюллетень даярдалыптыр. Мунун 4 миңдейи шектүү болгону белгилүү болду. Башкы суроо - шектүү бюллетендер Кара-Сууга кантип жеткирилди? Бюллетендер жасалып бүткөндөн кийин басмакана аларды БШКнын өкүлдөрүнө өткөрүп берет. БШК аймактык шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. Көлөмү чоң бюллетендер кайдан чыкты? БШК "биз текшерип жатканда баары бирдей болчу" деп жатат. Бул боюнча тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо керек", - дейт БШКнын мурдагы башчысы Акылбек Сариев.
Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.