Өлкөдө 800 миңдей жаран биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.
Догоев президенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе жаралбай турганын айтат.
"2015-жылкы шайлоодо биометрикалык маалымат боюнча, бармак изи менен жаранды аппарат таппай калган учурлар болгон. Анда жарандар паспорту менен шайлоого киргизилген. Адамдык фактор аралашкан. Биз муну жокко чыгардык, башка систем кирди. Эгерде шайлоочунун бармак изин аппарат тааныбай койсо, ал адамдын жүзүн тааный турган систем болот", - деди Догоев.
Мамкаттоо кызматынын башчысы шайлоодо "карусель" ыкмасын колдонууга мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.
"Биометрика боюнча бир жарандын 2 шайлоо тилкесинде тизмеде болушу мүмкүн эмес. Мен тийиштүү органдын жетекчиси катары буга кепилдик бере алам", - дейт Догоев.
Бишкекте бүгүн "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.
Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.