Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.
Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов: "Мыйзамга ылайык, БШКнын жыйындарында добуш берүүгө комиссия мүчөсү түз катышуусу керек. БШК өзү бир жобо чыгарып, комиссия мүчөсү жыйынга өзү катышпаса добушун бирөөгө калтырып кетсе болот деп койду. "Мен келбейм, жыйында каралган бардык маселеге макулмун же каршымын" дейт экен. Бул туура эмес", - деп билдирди.
БШКнын мурдагы башчысы Акылбек Сариев "бул көрүнүш БШКда көптөн бери бар. БШКдан Жогорку Кеңешке өттү, азыр парламентте да колдонулат. Негизи ар кандай жагдай болот. Менин билишимче, БШКнын бир мүчөсүнүн үйүндө жамандык болуп, ал бир аптадай келген жок. Мындайды туура эле түшүнүү керек, кыргызда муну пендечилик дейт" деген жооп узатты.
Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.