Медеткан Шеримкулов: "Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр" дегенди токтотуу керек. Анткени биз президентти гана шайлайбыз"

Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов: "Биометрикалык маалымат системи шайлоого карата гана киргизилди. Шайлоочулардын укугун чектеп жатышат. Анткени Конституцияда "Кыргыз Республикасынын ар бир жараны шайлоого катышууга укуктуу" деп жазылган. 2020-жылкы шайлоого биометрика тапшырганы да, тапшырбаганы да добуш бере ала турган кылуу керек.

Дагы бир нерсеге көңүл буруу керек. Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бирикти, кубанып турам. Бирок алардын "Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр" деген урааны туура эмес. Бул шайлоодо биз президентти гана шайлайбыз. Эртең Бабанов президент болуп шайланып калса шайлоочулар "Бабанов сөзүңө тур, Төрөбаевди премьер кыл" дешет. Ал эми президент премьерди дайындай албайт. Бул маанилүү нерсе, элде нааразычылык жаралат. БШК аларга эскертүү берүү керек", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
gulmira12345
2017-09-19 13:03:27
биз за боло берсин колдойбуз
+3
Rajab
2017-09-19 13:15:49
Биз да колдойбуз боло берсин
+3
SHERBOLAT
2017-09-19 13:53:07
Бул эки кыйындар Бабанов менен Торобаев эмитен болуштургону такыр туура эмес. Бабановго соз жок.мен антем мен минтем деп.мен ишенмекмик эгер Алла насип кылса ушуну ишке ашырам десе
+8
Kojosh80
2017-09-19 13:58:37
Президент премерди отставкага кетирет парламент кайра жаны премерди шайлап берет
+4
beka1207
2017-09-19 14:23:46
Kojosh80,демек президент премьерди кызматка беките албайт.
+1
beka1207
2017-09-19 14:26:02
Негизи туура эле айтыптыр,Бабанов президент болсо болсун,бирок эмитен кызмат ордун бөлүштүргөн ураан туура эмес го
+5
Lu4ano
2017-09-19 14:37:36
мыйзамда парламент шайлайт премьерди бирок кыргызстанда андай эмес ошону баштаган Атамбаев каалаган кишисин койгон азыр тан кала турган эч нерсе жок болсун экоо тен, Кыргызстанды озгортот турган адамдар биригип жатат болгула иштегиле озгорткуло
+7
Azatbek83
2017-09-19 14:58:27
Жаны президент жаны пример болгону жакшыго.Ошондо оздору айткан озгоруш болот.Бизде примерлерди байпак алмаштыргандай эле амаштырышат.Же бироосу кыйратпады анан азыркысы кыйратат беле.Алты жыл ажо болуп деле кыйратпады го.Кыйын болсо кимиси болсода башкасын койуп жуктун ээсин табышсын ошондо созундо турушкан болот.Журналистер эмнеге жук жонундо суроо бербейсинер?Камайт деп коркуп журо бергиле.Корпогула силерди эл куткарат.
+2
kenjebek_a
2017-09-19 17:37:19
Бакыттын шайлоого жакын басмайылы бошоду.Колдоп жаттык эле эми кидала болгусу келди окшойт.Ташиевтин акыбалына тушкондон кийин кеч болот.Ошончо чогулткан элдеги авторитеттин 20%кулады уже.Жети пайыздан кредит берем деп алдаган Бабановду дыйкандар унута элек.
+3
kushtari
2017-09-19 17:58:30
kenjebek_a,менда кошулам суткордук атам нерсе бир жагынан экинчиден Бабановго ишенбей Мадумаров менен эле биригип аракет кыла бериш керек эле
+3
talant87
2017-09-19 17:45:42
Партиясы колдойта отсо
-2
Bek4590
2017-09-19 19:01:07
Мадумаров президент болсо, премер министрди озу тандап коёт. Силер азыр эле болуштуруп албагыла. Мадумаров алга!
+6
PROS
2017-09-19 20:03:38
Бакиев Кулов тандеми эсиңердеби? Төрөбаев алданды. Бабанов ашанын кызына өкүл ата болгон дегенди уккан элем. Демек бабанов да ашанын көмүскөдөгү ишенимдүү адамы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан