Парламентте кыргызча баяндама жасап жаткан экономика министрине депутат маанисин бузбаш үчүн орус тилинде сүйлөй беришин айтты

Бүгүн, 19-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында кыргызча баяндама жасап жаткан экономика министри Артем Новиковду "Кыргызстан" фракциясынан депутат Нурланбек Макеев орус тилинде сүйлөй берсе боло турганын айтты.

Эл өкүлү министр баяндаманы кыргыз тилинде окуп берип, маанисин бузуп жатканын билдирди. Макеев Новиковго кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге кол коюлган протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kaary
2017-09-19 15:21:47
Маанисин "Бузбаш" үчүн болобу? Же "Бузбоо" үчүн болобу?
-3
Алина Айдарбекова
2017-09-19 15:38:28
Kaary, саламатсызбы? Кыргыз тилинин эрежесине ылайык, бузбаш үчүн деп да, бузбоо үчүн деп да жаза берсек болот. Эч кандай айырмасы жок.
+11
isabek1977
2017-09-19 15:35:40
Кыргызга орусча айтпасан тушунбойт деп Салижан Жигитов бекеринен айткан эмес.Ошончо орус болсо да аракет кылып жаткандан кийин жон эле уга бербейсинерби.
+29
Flatron
2017-09-19 15:47:26
Акылдуу болуп кетет тим эле. Эптеп кыргызча суйлоталбай журсок
+16
Tansuluu09
2017-09-19 16:00:57
Кыйраттынар , суйлосун кыргыз тилинде, маанисин келиштирип.
Оруссияда иштеген мигранттар орусча суйлой албаса да суйлотуруп жатпайбы? Башка тилде суйлосон штраф салып....
+11
sirgak_92
2017-09-19 16:14:51
Tansuluu09,оой койчу эээ.Ал Россиянын орустары а бул жактагы орустар биздин орустар
+8
Tansuluu09
2017-09-19 16:23:12
sirgak_92,:) Артем Новиков аз болсода кыргыз тилин сыйлап маанисин келишпесе дагы аракет кылып кыргызча эле тушунтурсо озубуздун кыргызбайлар кыргызго кыргызча тушунуп алса болот эледа ))))
+8
kenjebek_a
2017-09-19 17:27:34
РАХМАТ аракетине.Ал эми берки эл окулун ХХХХ тээп озун айдаш керек.Ошентип анан уйронот.Башкалары ошону коруп тузолот.А́йрыкча СДПКдагы Карамушкина деген айгырлар.Айгыр дегеним СДПКнын бир эркек депутаты ордуна койалбайт го,же эркеги жокпу ким билет.
+4
312kyrgyzstan
2017-09-19 17:45:19
Аа ХХХХ. Балык озубуз жактан сасып жаткан турбайбы. "Орустар кыргызча суйлой албайт, орус тилин мамлекеттик тил кылалы. Мен Карамушкинага кошулам" деп чыксында. Россияга барып парламентте емес кочодо еле оруска кыргызча суйлоп корсунчу. А биздикилер Кыргызстанда туруп кыргыз болуп туруп оруска кыргызча суйлогонду камап жатат. Кичине болсо да адамда оз улутуна куйгон сезим болуш керекта
+6
Атасынын баласы
2017-09-19 19:04:37
Плохому танцору "джинсы" мешает болуптур да мааниси бузулду деп. Орусча окуганда деле маанисин тушунбосо керек ал депутатыбыз...
+5
Nanei
2017-09-19 21:37:43
Эми силерге деги эмне жагат???олтурат ко 6жвлдан бери таптак кыргызча суцлогон 120депутат. Тиллеринен чан чыккандан башка пайдасы жок . кытайча суйлойбу иши кылса экономика ны которсо брлду да
-1
bakulya2015
2017-09-19 22:20:42
Мал десек малдан айырмалары бар. Нукура оз тилибизде суйлошсун улгу болуп тартип бекемдебей наборот кылат ушу депутаттар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан