4-июнда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын 8-сессиясы болот. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Таалай Сабировдун билдирүүсүнө таянып, мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Анда депутаттар депутаттык комиссиялар тарабынан аныкталган ар кайсы тармактардагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Ошондой эле газдын өз учурунда берилиши, тышкы миграция, Ош шаарындагы мектептерде билим берүүнүн сапаты да каралмакчы. Аны менен катар эле депутаттар майып жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык төлөмдөрдүн берилишин талкуулашып, шаардык муниципалдык башкармалыктын жобосу кабыл алынмакчы.