Бүгүн, 27-майда Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк маселелерин мындан ары кеңейтүү жана жакшыртуу, саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу талкууланды. КМШ, ЖККУ, ЕврАзЭС жана ШКУ сыяктуу аймактык бирикмелердин алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.