Ош шаардык клиникалык ооруканасы экологиялык жана техникалык талаптарга таптакыр жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оорукананын электр зымдары бейтапканага жакын жайгашкан. Электр мамылары бейтапканага кооптуу абал жаратууда. Ошол эле учурда мекеменин айланасындагы бактар мыйзамсыз кыйылган.
"Негизи электр тогун өткөрүүчү зымдар турак жайлардан 5 метрден 14 метрге чейин алыс аралыкта жайгашуусу керек эле. Адистер буга чейин текшерүүнүн негизинде 21 пункттан турган мыйзам бузууларды аныкташкан. Кемчиликтерди жөнгө салууга бир ай мөөнөт берилген. Бирок текшерүүдө бейтапкана жетекчилиги тарабынан коюлган талаптар аткарылбаганы аныкталды. Оорукананын жетекчилиги инспекциянын эскертүүлөрүнө баш ийбей, жарандардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен иштеп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.