27-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Беларусь өлкөсүнүн тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн жолугушууда тараптар ЖККУ жана Бажы биримдиги тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти.