Берлиндеги метролордун биринде улгайган айымдын баштыгы жоголуп, полиция кызматкерлери издөө сала башташкан.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, окуя өткөн жумада орун алып, анын ичинде 14 миң евро болгон.
Бактыга жараша, сумканы 16 жаштагы Ирактан келген качкын кыз таап алып, ээсине кайтарып берген. Баштыкты таап алган кыз аны алгач апасына көтөрүп барган. Арадан 2 күн өткөн соң алар жергиликтүү полиция кызматкерлерине өздөрү барып, баштыкты тапшырышкан.
"Баштыкты дароо өз ээсине кайтарып бердик. Ал айым абдан кубанды. Учурдан пайдаланып, аны тапшырып бергендерге ыраазычылык билдиребиз", - деген полиция кызматкерлери.
Германиянын мыйзамы боюнча, жоготкон буюмду кайтарып бергендерге сүйүнчү иретинде табылган буюмдун 3 пайызы берилсе, буюм коомдук унаадан табылган болсо 1,5 пайызы бөлүнөт.
Бул жолу 14 миң евро катылган баштыкты кайтарып берген үй-бүлөгө болжол менен 210 евро бөлүнүшү керектиги айтылат маалыматта.