ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынында маалыматтык технологиялар менен күрөшүү борборун түзүү демилгеси колдоо тапты

Бишкекте өткөн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынында Орусия тараптын маалыматтык технологиялар менен күрөшүү борборун түзүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Геннадий Невыглас журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө компьютердик коопсуздук чөйрөсүндө көптөгөн сунуштар айтылды. “Бул демилгени жалпысынан бардык катчылар колдоду, аталган чечим иштелип чыгат”,- дейт Невыглас. Ошондой эле жыйында баңгизатка каршы күрөшүү борборун түзүү сунушу айтылып, Коопсуздук кеңешинин катчылары тарабынан колдоого алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан