Бишкекте “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Бишкекте мамлекеттик тил күнүнө арналган “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөтүн, каада-салтын, үрп-адатын даңазалоо максатында уюштурулган.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациянын өкүлдөрү катышты.

"Салтанаттын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Ардак грамота” жана баалуу сыйлыктар менен кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалимдер сыйланышты. Ошондой эле “Мыкты иш тажрыйба” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2017-09-21 09:27:40
Улут болсоң паспорт менен улутсуң
+1
Rifle_I
2017-09-21 09:47:54
Паспортко "кыргыз" деген жазуусу чыкпаса паспорт албайм. Мөөнөтү бүтсө да албайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан