ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынында 10 документке кол коюлду

Бүгүн, 27-майда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңеши, коргоо министрлеринин кеңеши жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынында 10 документ каралып, кол коюлду. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжа катышкандарга ЖККУнун абалы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тараптар 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгына жана 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата коргоо жана коопсуздук, тышкы саясат маселелери боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттеринин төрагаларынын консультациялык планын талкуулашты. “ЖККУнун жамааттык тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн колдоосу менен операцияларды даярдоо жана ишке ашыруу тууралуу документтер да каралды”,- деп кошумчалады Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан