Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдон дагы бир президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чагылдырылган сүрөт жайгаштырылган баннерди алып салууну сунуш кылды. Тиешелүү чечим БШКнын 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.
БШКнын отурумунда президенттикке талапкер Бабановдун үгүт баннеринде дагы бир президенттикке талапкер Жээнбековдун жана өзгөчө кырдаалдар министри Бороновдун сүрөттөрү пайдаланылганы айтылган. Жээнбековдун өкүлү Бабанов жогорудагы сүрөттү жайгаштырууда алар тараптан уруксат суралбаганын айтты. БШК бул боюнча маселени карап чыгып, талапкер Бабановго эскертүү кылды. Мындай чечимге 8 мүчө "макул" деп, калган төрт мүчөсү бул маселеге "каршы" добуш берди.