Бишкекте алгачкы жолу жаш илимпоздордун эл аралык форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG порталына Политехникалык окуу жайдын маалыматтык бөлүмүнөн Жеңишгүл Тоголокова билдирди.
"Иш-чара Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү министрликтеринин каржылоосунда өткөрүлдү. Илимпоздорго арналган форум Бишкек шаарындагы Политехникалык окуу жайында уюштурулган. Мында эл аралык илимий конференция менен кошо жаш илимпоздордун колунан жаралган эмгектер көргөзмөгө коюлду", - деп билдирди Тоголокова.
Маалыматка ылайык, Орусиянын жогорку окуу жайларынан ректорлор жана Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн келген жүзгө жакын студенттер катышты. Форумдун жүрүшү 22-сентябрда Ысык-Көл облусунда уланат.