Транспорт жана жолдор министрлигинин Токтогул районундагы Кара-Көл шаардык №30-жол тейлөө башкармалыгы мыйзамсыз көпүрө курууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматына ылайык, Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагында эки көпүрө мыйзамсыз курулууда. Курулуп жаткан көпүрөнү Кара-Көл шаардык №30-жол тейлөө башкармалыгы көзөмөлгө алган. Буюртма Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан берилген. Текшерүү иштери жүргүзүлгөн учурда тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Атайын уруксат кагаздары алынган эмес.
"Курулушка жооптуулар Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлерин текшерүү учурунда курулуш жүрүп жаткан аймактан кубалап чыккан. Сапатсыз көпүрөлөр ар кандай кырдаалдарда, суу көтөрүлгөн учурларда жана кыян, сел жүргөн учурларда туруштук бере албай кыйроого учурашы толук мүмкүн. Ошондуктан курулуш иштер пайдаланууга берилгенге чейин инспекторлордун көзөмөлүндө болууга тийиш", - деп билдирди басма сөз кызматы.