Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештеги жалпы жыйында оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев үгүт иштеринде административдик ресуртар колдонулуп жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Бүгүнкү күндө мектептерде, мамлекеттик муниципалдык кызматтарда үгүт иштери жүрүп жатат. Паспортторду алып коюу, паспортторду сатып алуу болуп жатат. Өзгөн шаарында окуу процесси үзгүлтүккө учурады. 2000 столду мектептерден сууруп кетип, окуучуларды тургузуп койду. ММКларда, интернеттеги социалдык тармакта кайсы аким, кайсы айыл өкмөт кандай үгүт жүргүзгөнү чыгып жатат. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугуп жатып үгүт ишин жүргүздү. Бул боюнча Коопсуздук кеңеши, Башкы прокуратура карап чыгышы керек. Бул туура эмес. Ошондой эле көрүнүш Алай районунда болду. Саат үчтөн баштап бардык мектептер жана мамлекеттик мекемелер үгүт ишине тартылды. Бул тарыхта кала турган шайлоо болот. Таза шайлоо өткөрөлү", - деди Жээнчороев.