Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДП жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан депутаттар кайым айтышты. Депутат Мирлан Жээнчороев өкмөт мүчөлөрүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн "үгүт ишине кийлигишип жатат" деп айыптагандан кийин эки фракция өз чындыгын айтышты.
"Бүгүн шайлоонун алдында жер-жерлерде административдик ресурс абдан катуу колдонулуп жатат. Мисалы, кечээ кечинде талапкер Өмүрбек Бабановду мамлекеттик телеканалдан түздөн түз каралоо болду. Буга укук коргоо органдары, БШК юридикалык баа бериши керек. Административдик ресурс кечээ эле Өзгөндө, Алайда катуу колдонулду. Президент айтпадыбы таза шайлоону өткөрөлү деп. Урматтуу депутаттар, урматтуу кыргыз эли, "Таза коом" таза шайлоодон башталат", - деди депутат Жээнчороев.
КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов Жээнчороевге жооп кылды.
"Ушул шайлоонун алдына келгенде эле бирөөлөр административдик ресурс деп жатышат. Мен Кадамжайдын, Баткендин акимдерин көрүп жатам. Кайсы жерде кандай болуп жатат? Элдин арасында "бир партиянын мүчөлөрү үч миң сом бөлчү, бүгүн 100 долларга чыкты" деген сөздөр айтылып жатат. Муну Атамбаев же Жээнбеков жасадыбы? Башкалар жөнүндө сөз болуп жатат. Таза шайлоо 15-октябрда урнанын алдына барганда билинет", - деди Мадеминов.
Мындан тышкары КСДПчы депутаттар Айзада Касымалиева менен Улан Примов Өзгөн жана Алайдагы жолугушууларга катышканын айтып, аймактарда административдик ресурс колдонулгандыгы боюнча бир да арыз, даттануу жок экенин, бул негизсиз каралоо экенин айтышты.