Бүгүн, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинде 23-сентябрда белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнүнө карата бала бакчалар, мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз тилиндеги окуу китептеринин презентациясы өттү.
Өлкөдөгү билим берүү мекемелерине таратылган 81 аталыштагы окуу китептеринин жалпы саны 84 миң 995 нусканы түзгөн. Анын ичинен бала бакчаларга "Манас алиппе", "Табышмактар", "Тамгалар ырдайт" жана дагы 4 китеп 12 миң 350 нускада жиберилгени маалым болду. Ал эми мектептерге "Менин жерим Кыргызстан", "Улуу мурас урпактарга", "Математикалык машыгуу", "Кыргыз адабияты" сыяктуу 42 окуу китеби 44 миң 340 нускада таратылса, 45 университетке 32 китеп 28 миң 305 нускада берилген.
Презентацияга Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү, китептердин авторлору, мугалимдер, журналисттер катышты. Мындан сырткары иш-чарада кыргыз тилин окутуу көйгөйлөрү, тилдин бурмаланышы, анын өнүгүүсүндөгү тоскоолдуктар тууралуу да айтылды. Министр Гүлмира Кудайбердиева айтылган маселелер караларын, айрымдарын жоюу боюнча аракеттер болуп жатканын билдирди.