Президент Алмазбек Атамбаев "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жон Нэшти кабыл алды

Бүгүн, 27-майда президент Алмазбек Атамбаев атайын лекция окуу үчүн Бишкекке келген "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жон Нэшти кабыл алды. Мейманды тосуп алып жатып өлкө башчы илимпоздун Кыргызстанга келиши биздин коомдун интеллектуалдык жактан өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. “Мен сиздин тагдырыңыз жөнүндө биографиялык драманы көргөм. Бирок сизди Кыргызстандан көрөм деп күткөн эмесмин. Сиз биз үчүн тирүү уламышсыз жана сиздин сапарыңыз биз үчүн маанилүү. Сиз бизге кандай абал болбосун, жеңгенге күч бердиңиз”,- деди президент. Өз кезегинде Жон Нэш өлкө башчысына жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өзүнүн кыргыз аудиториясы жөнүндөгү сезимин бөлүштү. Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандын саясий абалы тууралуу талкуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан