Мамкаттоо кызматы: 20-сентябрга карата үч миллионго чукул шайлоочунун тизмеси такталды

Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрга карата катталган шайлоочулардын саны 2 миллион 973 миң 525ти түздү. Бул сан август айынын башындагы БШКга берилген алдын ала маалыматтарга караганда 58 миң 937ге көп.

"Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алуусун суранууда. Бул үчүн жарандар катталган шайлоо участокторунан, www.shailoo.srs.kg сайтынан, ошондой эле 119 кыска номерине СМС-билдирүү жиберип же байланышып тактаса болот (СМС жиберүү жана телефон чалуу акысыз)", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tursunbaev78
2017-09-21 22:26:51
6 миллион адамдын жарымы тентип жүрсө,каяктагы 3 миллион шайлоочу,жалган
+3
Nazar76
2017-09-22 00:45:37
Жалганды да бир аз окшоштурсанар мам каттоо кызматы кайдагы 3 миллион айтып жатасыңар тобаа көрөбүз эртен шайлоодо канчасы тизмеден өзүн таппай калат ко
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан