Кечээ, 21-сентябрь күнү дүйнөдөгү эң бай аял Лилиан Беттанкурдун дүйнө салганын "AFP" агенттиги туугандарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Бул маалыматты "L'Oreal" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Жан-Поль Агон да тастыктаган. Бирок Лилиан Беттанкурдун эмнеден улам каза болгонун айткан эмес.
Айта кетсек, Лилиан Беттанкур 1922-жылы 21-октябрда Париж шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 15 жашынан тарта атасы негиздеген косметика чыгарган "L'Oreal" компаниясында флакондорго товардык белги чаптап иштеп баштаган. 1957-жылы атасынын өлүмүнөн соң "L'Oreal" компаниясына ээлик кылып, анын башкы акционери болуп калган.
"Forbes" журналы Лилиан Беттанкурдун байлыгын 44,6 миллиард долларга баалаган. Муну менен ал дүйнөдөгү эң бай аялдардын сап башында турган.