Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 180 миллион сомго жаңы мектептин курулушу башталды

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 180 миллион сомдук долбоор менен жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калктуу конушта мектептин пайдубалы түптөлүүдө. Иш-чарага Биринчи Май районунун акими, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

"Курулуш башталып, пайдубалын түптөөдө капсула салынды. Мектептин имараты 660 орунга ылайыкташтырылган. Долбоордун сметалык баасы 180 миллион сомду түзөт. Курулуш иштерин "Айкөл-Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mratbashy
2017-09-22 12:30:31
Молодец жаман куттук да ушуну кудай жалгап жолубуз да асфальталып калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан