Бүгүн, 27-майда Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин ортосундагы Координациялык кеңештин 1-жыйыны Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Жыйынга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жетектеген эки өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Координациялык кеңештин жыйынында кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүшүн камсыздай турган бир катар маанилүү маселелер талкууланат.