ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк унаасыз жүрүү күнү

Бүгүн, 22-сентябрда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жөө жана велосипед менен жүрүүнү жайылтууну максат кылган Бүткүл дүйнөлүк унаасыз жүрүү күнү белгиленет. Бул күндүн урааны - "Шаар адамдар үчүн, жашоо үчүн".

Автоунаалар планетанын биосферасын гана бузбастан адамдардын өздөрү үчүн коркунучтуу боло баштады. Айрым интернет булактары жазгандай, орто эсепте күн сайын дүйнөдө 3000ден ашуун адамды унаа сүзүп каза болот. Бул күндү эң алгач, 1997-жылы Англия демилгелеп, белгилене баштаган. Бир жылдан кийин Францияда да белгиленген. Анда болгону 20 шаарда унаасыз күндү белгилеген болушса, 2001-жылы 35 өлкөнүн миңден ашуун шаарлары кошулган. Ал эми азыркы учурда дүйнөдөгү 100 миллиондон ашык адам бул идеяны колдоп, 1500 шаардын жашоочулары бир күнгө унаасыз жүрөт.

Бүткүл дүйнөлүк унаасыз жүрүү күнүн белгилеген шаарлардын жетекчилери заманбап жашоодо унаасыз турмуш-тиричиликти өткөрүү кыйын экенин билдиришкен. Бирок алар күнүмдүк жашоодо аны пайдаланууну азайтууга мүмкүн экендигине токтолушкан. Андыктан бул күнү адамдар коомдук транспорт, велосипед менен жүрүшсө, керектүү дарегине жөө барууну туура көргөндөр да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан