Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен куткаруучулар противогаз кийип таштанды чыгарышты

Бишкек шаарынын Манас кең көчөсүндөгү батирлердин биринен таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Манас кең көчөсүндөгү №41-үйдүн 133-батиринен таштандылар чыгарылды. Адистер таштандыны чыгарууда противогаз кийүүгө аргасыз болушкан. Анткени бөлмөнүн ичи сасып, дем алууга мүмкүн болбой калган. Үй ичин тазалоо иштери бүгүн улантылат. Бир бөлмөлүү бул үйдө пенсия жашындагы кемпир жашаары белгилүү болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Батирдеги таштандыны чыгарууга ӨКМнын 6 куткаруучусу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
portugalia
2017-09-22 10:47:11
Шумдук
+2
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-22 10:49:53
фуу кантип тазалашты екен
+2
aliya-leyla
2017-09-22 10:56:41
Ал кемпир ошол жытка ууланып олуп калбаппы?
+5
kechirmeni
2017-09-22 11:06:48
Иии кап,бала бакырасы жок бейм,кошуналары деле каралашпаган окшойт
+5
Pandora
2017-09-22 11:38:28
kechirmeni,Айыл жеринде болсо каралашат коншу колондор а Бишкекте ким олуп жатат,ким эмне болуп жатат бири менен бирининтиши жок орой мамиле жасашат
+6
almazbei
2017-09-22 11:52:53
Pandora,туура айтасын .
+3
Kroxa
2017-09-22 13:25:41
Орус кемпир го кыргыздар мынчалыкка барбайт го..
+3
Truelensk
2017-09-22 16:15:18
Бул плющкин деген оору.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан