Ысык-Көл облусундагы Ичке-Сөгөттү тоосунда чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат

Ысык-Көл облусундагы Ичке-Сөгөттү тоосунда чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-сентябрь күнү саат 16:20 чамасында Кумбел жана Бостери айыл аймактарынын ортосундагы Ичке-Сөгөттү тоосунда болжол менен 2 гектар куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган.

"Ысык-Көл райондук №31-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 25 жана №32-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу өрттү өчүрүүгө тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 5 гектар куураган чөп жана арчалар күйгөн. Азыркы тапта тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан