Бишкек ШИИББи: "Жол эрежесин бузуп, айыпка тартылган айдоочулар 3,5 миллион сом төлөштү"

Жол эрежесин бузуп, айыпка тартылган айдоочулар мамлекеттин бюджетине 3,5 миллион сом төлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузган 5445 айдоочуга административдик протокол толтурулган. Жалпысынан эреже бузган айдоочуларга 3,5 миллион сом айып жазылган.

"18-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта жүргүзүлгөн рейдде бир нече жол эрежесин бузган фактылар катталган. Алардын ичинен мас абалында унаа башкаруу, унааны тиешелүү документтери жок айдоо, жол чыракка баш ийбөө, туура эмес токтотуу, унаанын айнегин караңгылатуу сыяктуу эрежелер бузулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-09-23 10:01:37
мен протокол толтурган учурду аз эле коргом, демек дагы 3,5 миллиондон кобу чонтокко тушуптур да
+3
Aza17
2017-09-23 10:22:39
4 күндө 3.5 лимон болсо ёммм анда
1 жылда арам акчанын астында калатко бирок арам акча жукбайта качан болсо кайыр сураганын койушбай.
Тартип жок кайырчы болуп кетиштиго.
+5
almazbei
2017-09-23 10:33:12
Ошол тушкон акчаларга жолду ондоп койсонор, жол чырактарды орнотуп...
+8
talant87
2017-09-23 11:26:02
642сомдон толошуптур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан