Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үгүт иштерине катышкандыгы боюнча укуктук баа берип, жоопкерчилигин кароо боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Назарали Арипов SUPER.KG`ге билдирди.
"Жумушчу топ маселени карап чыгып, Дүйшөнбек Зилалиевге караштуу маселеге укуктук баа берүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жиберүү, ошондой эле өкмөткө анын кызматтык жоопкерчилигин кароо боюнча чечим кабыл алдык", - деди Арипов.
Ал эми дин аалымы Чубак Жалилов боюнча маселе ачык бойдон калганын баса белгиледи БШКнын мүчөсү. "Биз уламалар кеңешине анын макамы боюнча кайрылуу жибергенбиз. Ал жактан жооп келгенден кийин жыйынтык чыгарабыз. КТРК боюнча ошол маалыматты тараткан журналисттердин жоопкерчилигин кароону сурап каналдын жетекчилигине кайрылабыз. Бул жумушчу топтун чечими. Бул маселени эми БШКнын мүчөлөрү карап чыгып, акыркы чечимди чыгарабыз", - деп кошумчалады Арипов.
Эске салсак, 22-сентябрда БШКнын жумушчу тобу үгүт иштериндеги мыйзам бузууларга байланыштуу түшкөн арыз кайрылууларды ачык карап, чечимди жабык эшик артында кабыл алган.