ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 51 жашка толду

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн 51 жашка толду. Ал 1966-жылы 23-сентябрда төрөлгөн. Орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту аяктаган. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен "юриспруденция" факультетин бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 1989-жылдары республикалык медициналык окуу жайында мугалим болуп баштап, 1994-2000-жылдары Бишкек шаардык мэриянын билим берүү департаментинде башкы адис, "билим берүү системасын өнүктүрүү" долбоорунда жергиликтүү консультант болуп иштеген. 2002-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, Жогорку Кеңештин аппараты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. 2005-жылдан баштап билим берүү тармагындагы жооптуу кызматты аркалай баштаган. 2008-жылга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун директору, 2010-жылга чейин Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгында жетекчи, 2010-2012-жылдары өкмөттүн аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген. 2012-жылы президенттин алдындагы билим берүү, илим жана маданият боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалган. 2012-жылдын 4-майынан тарта президенттин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2015-жылдын 5-ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеп, 2016-жылы ноябрь айында билим берүү жана илим министри болуп бекитилген.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

23-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан