Шайлоого колдонула турган программаларды УКМК текшергени айтылды

Бүгүн, 23-сентябрда "Таза шайлоо" кыймылынын Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы менен жолугушуусу өтүүдө. Анда БШК тарабынан добуш берүү процесси жана шайлоодогу маалымат технологияларынын ролу тааныштырылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү шайлоого колдонула турган программалар УКМК тарабынан сыноодон өткөрүлгөнүн айтты. "Таза Шайлоо" кыймылынын мүчөсү Равшан Жээнбеков БШКнын маалымат технологияларына, автоматташтырылган системдик башкарууларга аудит жүргүзүү үчүн уруксат сурап кайрылды.

"Эл аралык уюмдарга кайрылалы. Урматтуу төрайым, эгер макулдук берсеңиздер, биз эл аралык уюмдар аркылуу көз карандысыз аудиттерди алып келип ушул идентификациялоону сынап көрөлү", - деди Жээнбеков.

"Биз бул аудитти өткөрүүгө өзүбүз да кызыкдарбыз. Биздин донорлорго да ушул тема боюнча кайрылганбыз. 25 миң доллардан өйдө турат экен. Бардык компаниялар эл аралык сертификацияланган компаниялар даярдалган программалар", - деп жооп берди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nazar76
2017-09-23 15:56:27
Ушул Бшк шайылдабекова таза шайлоо откозбой калдыго дейм ал болгону сдпк нын буйругун аткарат 15 октябрда так ушул жерде баарын жайлайт ушул шайылдабекова
+3
erlist
2017-09-23 16:59:28
Эгерде таза кылбаса анда скандал чыгат дагы азыр эл эптеп эле искра кутуп турат байкагыла бийлик бирди коруп журбогуло...
+3
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-23 21:08:57
Текшерилеби текшерилбейби айырмасы кайсы баары бир сатып алынып койгон ал кресло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан