Шашылыш билдирүү! 24-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.