БШК: "Президенттик шайлоодо 5700 урнаны атайын даярдалган 500 адис тейлейт"

Президенттик шайлоодо 5700 урнаны атайын даярдалган 500 адис тейлейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Таза шайлоо" кыймылынын мүчөлөрү менен жолугуп, маалымат берип жатып билдирди.

"Жалпысынан 5700 урна бар. 2375 шайлоо участкаларына экиден урна жайгаштырылат. Мындан тышкары миңге жакын урна шайлоочулардын санына жараша аймактык шайлоо комиссияларына берилет. Калган урналар запаста турат. БШК тарабынан техникалык колдоо кызматына атайын 500 адис даярдалган. Бул адистердин тобу райондорго бөлүнгөн. Алар унаа менен камсыздалган. Кайсы жерде маселе жаралса, адистер жетип барып жолго коюшат", - деди Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2017-09-23 17:28:08
Дагын айлыктарын бербей нааразы кылбагылада
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан