Бүгүн, 23-сентябрда "Таза шайлоо" кыймылы Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын укту. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кыймылдын мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып, Ахматбек Келдибековдун шайлоодон четтетилишинин себептерин айтты.
“Келдибеков соттолгон. Анын соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрында жоюлат. Соттуулуктун жоюлушунун эки жолу бар: бири автоматтык түрдө жоюлат, андан тышкары мөөнөтүнөн мурда да жоюлушу мүмкүн. Келдибековдун ушундай мүмкүнчүлүгү бар болчу. Биз мөөнөтүнөн мурда соттуулугун алып салууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, анын өзүнө билдиргенбиз. Ал бизге 31-августка чейин маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгүм бар деп жооп берген. Биз күттүк. 30-августта бизге Жогорку Соттун маалыматы келди”, - деди Шайлдабекова.
Ахматбек Келдибековдун БШКга нааразычылыгынын жаралышын БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова түшүндүрдү.
“Биз Келдибековдун кол тамгаларын чогултканга жеткирбешибиз керек эле. Тилекке каршы, биз анын күрөөсүн да алдык, кол тамгасын да алып, шайлоодон четтетип койдук. Ошондуктан ал нааразы болду”, - деди Абдрахматова.
Ал эми БШКнын мүчөсү Назарали Арипов Келдибековдун шайлоодон четтетүүнүн жол-жобосу туура эмес ишке ашырылганын айтты.
“Биз Келдибековдун соттуулугу боюнча маселени кармап келип, ошол маселе менен аны шайлоодон четтетпестен топтогон добуштары менен буттан тарттык. Биз аны добуш топтогонун айтпасак деле соттуулугу боюнча өзү жыгылмак. Ошондуктан бул туура болгон жок деп айтам”, - деди Арипов.
Айта кетсек, "Таза шайлоо" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутаттар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, юрист Рита Карасартова, коомдук ишмерлер Абдыганы Эркебаев, Динара Ошурахунова жана башкалар кирет.