БШК талапкерлердин күрөөгө коюлган бир миллион сому боюнча маселеде бир чечимге келе албай жатат

Президенттик шайлоого катышкан талапкерлер шайлоо күнүнө үч күн калганда талапкерликтен баш тартса болот. Ал эми күрөөгө коюлган миллион сомду, баш тарткан же жарыштан четтетилген талапкерлерге кайтаруу маселесинде Борбордук шайлоо комиссиясы бир чечимге келе албай жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

"Талапкерлер 12-октябрга чейин шайлоого катышуудан баш тартууга укугу бар. Ал эми миллион сом күрөөгө коюлган акчаны жарыштан четтетилген же баш тарткан талапкерлерге кайтаруу маселесин БШК чечет, бирок азырынча комиссия бир ойго келе албай жатат. Учурда 13 талапкер катталып, чүчү кулак менен бюллетендеги тизме бекитилген. Эгер биригүүдөн же башка себептерден улам ушул талапкерлердин бири шайлоого катышуудан баш тартса, ал талапкердин аты бюллетенден калем сап менен чийилет", - деди Абдрахматова.

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 53-беренесинин 4-пунктуна ылайык, эгерде президенттикке талапкерди добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төгүлгөн шайлоо күрөөсү ага кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.

Айта кетсек, бүгүн, 23-сентябрда "Таза шайлоо" кыймылынын Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы менен жолугушуусунда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эртеңден баштап шайлоого бюллетендерди басып чыгаруу башталарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Otuz-Uul
2017-09-23 22:17:49
БШКада озунчо эле бардак каша болуп атыгатго,ушундай система менен иштей беришсе таза шайлоо отушу деле кумон кылбай койбойт!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан