Бишкектин Биринчи Май райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 30-май күнү саат 14:00дө "Сейтек" балдар борборунда 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата атайын иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага балдар менен иш алып барган №91-балдарга билим берүү комплекси, көзү начар көргөн балдардын жатак-мектебинин тарбиялануучулары чакырылып, алардын ар бирине 5 миң сомдон акча тапшырылат. Ошондой эле Биринчи Май райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмегинде катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 650 бала чакырылат. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн жомоктордон үзүндүлөр тартууланып, андан соң таттуу белектер тапшырылат. Белгилей кетсек, Эл аралык балдарды коргоо күнүндө иш-чараларды уюштуруу үчүн Биринчи Май райондук администрациясы жергиликтүү бюджеттен 393 миң сом каражат бөлгөн.