Президент Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын президенти тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүүдө

Бүгүн, 27-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүүдө. Бул жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев бул жолугушуунун өтүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Өз кезегинде тажик президенти чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Чакырууңуз үчүң ыраазычылыгымды билдирем. Биз бүгүн 2 тараптуу мамилени талкуулайбыз. Анын ичинде транспорттук коммуникациялык маселелер да каралат”,- деди Рахмон. Ошондой эле тажик президенти аба ырайы жакшы экенин белгилеп, Бишкек көрктөнүп калганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан