Бишкек шаарынын Караван көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин суу түтүгү жарылып, ичинен узундугу 10-12 сантиметрге жеткен курт сымал жандык чыкканын Чолпон Мундузбаева аттуу шаар тургуну 24-сентябрда интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Мындан улам ал шаар тургундарына балдарына чийки суу бербөөгө чакырып, тийиштүү кызматтардан тез арада чара көрүүнү талап кылды.
"Урматтуу "Бишкексууканалдын" жетекчилери, сиздерге кайрылам. Кечээ биздин коңшубуздун суу түтүгү жарылып, андан узундугу 10-12 сантиметрге жеткен коркунучтуу жандыктар чыкты. Биздин суу дүйнөдө эң таза деген үмүт менен бул сууну өзүбүз жана балдарыбыз ичет. Урматтуу жашоочулар, этият болуңуздар, чийки сууну ичпеңиздер. Мүмкүн бул мите. Ал эми муниципалдык кызматтын жетекчилери, кандайдыр бир чара көрүңүздөр", - деп кайрылган.
"Бишкексууканал" башкармалыгы жарылган суу түтүгүн калыбына келтирип, айтылган маселеге жооп кайтарды. Башкармалыктын маалыматына караганда, чынында түтүктөн агып түшкөн кудуктан мите эмес, үлүлдөр табылган. "Бирок кудуктун үстү ачык болгондуктан ага үлүлдөр сырттан түшүп калган. Биздин суу түтүктөрдө эч кандай жандык болушу мүмкүн эместигине сиздерди ишендирип кетебиз", - деп айтылат маалыматта.