Муфтият президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөө менен диний аалым Чубак Жалилов мыйзам бузган жок деп эсептейт. Бул тууралуу муфтияттын 24-сентябрда БШКга жиберген катында айтылат.
Муфтияттын Аалымдар кеӊешинин мүчөлөрү Аалымдар кеӊешинин атынан сүйлөөгө, расмий билдирүү жасоого укуксуз экени маалымдалат. Жалилов талапкер Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда Аалымдар кеӊешинин мүчөсү катары эмес, Кыргыз Республикасынын жараны катары сүйлөгөнүн, өлкө жараны шайлоолордо кайсы бир талапкерди колдоп үгүт жүргүзүүгө укуктуу экенин, Чубак Жалилов ошол укугун пайдаланганын билдирет муфтият.
"Уставга ылайык, муфтияттын кызматкерлерин муфтий дайындайт. Чубак Жалилов муфтияттын штаттык бирдигине кирбейт, ал муфтий тарабынан кызматка дайындалган эмес. Аны менен эмгек келишими түзүлгөн эмес жана муфтияттан айлык албайт. Демек, Чубак Жалилов муфтияттын кызматкери болуп эсептелбейт", - деп белгиленет кайрылууда.
Эскерте кетсек, Чубак Жалилов 20-сентябрда Жалал-Абадда талапкер Жээнбековдун эл менен жолугушуусуна катышып, чогулгандарды аталган талапкерди колдоого үндөгөн.