Ошто уурдалганын айтып телефон чалган депутат "досторумду сынадым, оюн болчу" деп жатат

Ошто жергиликтүү кеӊештин депутатына "бейбашчылык" боюнча кылмыш иши козголду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, 23-сентябрда Ош шаардык мэриясынын Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары, Ноокат районунда айылдык кеӊештин депутаты бирөөлөр уурдап кетип, өзүнүн унаасында колу-буту байлануу жатканын айтып, куткарууну суранып досторуна телефон чалган. Достору бул маалыматты милицияга жеткирип, ыкчам изилдөө жарыяланган. Жыйынтыгында депутат Ош шаарынын четинен, унаанын жүк салуучу бөлүгүндө (багаж) жаткан жеринен табылганы айтылды. Бирок табылгандан кийин ал досторун сыноо үчүн тамаша кылганын, эч ким уурдабаганын айтып көрсөтмө берген.

Учурда факт боюнча териштирүү жүрүп жатканын Ош ШИИБинен тастыкташты. Жергиликтүү кеӊештин депутаты "бейбашчылык" боюнча жоопко тартылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
yasin11
2017-09-25 11:32:10
Кылаарга иши жок кишиго бул:)
+20
almanbetperm
2017-09-25 11:38:47
Атангору
+14
ALATOOLUK.JIGIT
2017-09-25 11:52:05
Депутаттын кылар ишиби ушул? Же бироолор мажбрлап жатабы?
+18
Rajab
2017-09-25 12:10:09
Ойлонуп отуруп: ушул эле калды эле мен жасабаган баарыны жасадым бир текшерейн деген *кыйраткансып*
+5
Ziregul
2017-09-25 12:18:48
Атын чыкпаса жер ортто дейтко , Кыргызстанга танылып алыптырда ушул кылыгы менен .
+6
bars_wire
2017-09-25 12:21:31
Кийинкисинде капа болбогун деп таштап кетишкен окшойт.Эскертуу берип.
+9
Alixan-Nookat.2015
2017-09-25 12:25:17
Бийлике жаштар келсин дейсинер жаштар оюнга тойо элек парламентте кобойсо жаштар жашынмак, кубалашмак ойношот
+14
admin_superstan
2017-09-25 12:50:28
warrior96, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-1
Nargiza1987k
2017-09-25 13:38:46
Ким урдаганын айткандан коркуп жаткандыр ким билет буларга ишениш кыйын болуп калдыго
+8
Nur659467
2017-09-25 20:14:16
Nargiza1987k,туура айтасыз
+2
Rasul94
2017-09-25 15:54:37
ойной турган убакты тапкан экен
+1
jarkyn_jakta_jasha
2017-09-25 15:59:05
Аты ким экен бул баатырдын?
+1
madina.87
2017-09-25 16:11:20
Олоор кой койчунун таягына суйконот имиш...
+1
Nevestkaa
2017-09-25 17:21:36
Ушул эми чоп чоң кишинин кылыгыбы?Оюн караак балдар кылса да ааа ойногон турбайбы дейсин.Бул жепутат сөрөйгө не дейбиз.
+1
PROS
2017-09-25 18:11:03
Жогорку кеңеш да жергиликтүү кеңеш да жалаң көпкөн байлардан топтолгон сыягы... Элдин турмушун, өлкөнүн өнүгүшүн ойлогон адамдар шайлоого баралбайт акчага көпкөн акмактардын айынан!!!
+2
Kemel29101981
2017-09-26 00:17:26
Демек милициянын тиши отпогон, бийлик крышавать эткен бандиттер урдаган экен. Азырынча буларга тийбейт, анткени шайлоого пайдаланышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан