Чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз жергесинен турак жайларды сатып алууга жана курууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюлду. Долбоордун мазмуну Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланды.
Демилгенин автору болгон Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Турак жай кодекси 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган. “Бул кодексте “чет өлкөлүк жактарга турак жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган” деген түшүнүк киргизилген, ал турак жай мамилелерин жөнгө салууга катышуусу керек. Кодексте мындай макулдукту берүүнүн тартиби аныкталган эмес. Бул маселе башка ченемдик укуктук актыларда да чагылдырылган эмес. Жыйынтыгында укуктук боштук жаралган”, - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
“Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин тутумунда чет элдик жактар тарабынан турак жайды сатып алууга уруксат берүү маселелери менен алектенген тиешелүү мамлекеттик орган жок. Ошол эле мезгилде мындай органдын бар болуусу чет элдик жарандардын турак жайга болгон Конституция менен кепилденген укугун негизсиз чектөө болуп саналат. Экинчиден, ашыкча бюрократияга алып келет жана биздин республикабызда жашап жана иштегенди каалаган чет элдиктер үчүн олуттуу тоскоол болот”, - деп түшүндүрүлөт долбоордо.
Мыйзам долбоорунда жазылгандай, Казакстанда, Өзбекстанда, Беларуста турак жайды сатып алуу укугуна республикада туруктуу (жашап турууга уруксаты бар) жашаган чет элдик жаран ээ.