Семетей Черикбаев Ак-Талаа районунун акими болуп шайланды

27-майда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун акимин шайлоо болуп өттү. Бул кызматка премьер-министр тарабынан 5 талапкер сунушталган, алар: Арстанбек Акиев, Токтосун Казиев, Муканбет Төлөкбаев, Семетей Черикбаев жана Бегалы Бексултанов. Аким шайлоого айылдык кеңештердеги 153 депутаттын 151и катышып, 1-турда А.Акиев 60, Т.Казиев 12, М.Төлөкбаев 1, С.Черикбаев 68 жана Бегалы Бексултанов 9 добушка ээ болушту. Мындан соң шайлоонун 2-туру өткөрүлүп, анда А.Акиев 60 добушка ээ болсо, С.Черикбаев 77 добуш алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан