Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн!” тынчтык жүрүшү өтөт

Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн!” тынчтык жүрүшү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара бир нече жарандык лидерлердин жана коомдук уюмдардын демилгеси менен 30-сентябрда саат 10:00дө башталат. "Бул демонстрация биздин өкмөт административдик ресурска эч кандай чара көрбөгөндүгүнө нааразычылык иретинде уюштурулууда. Бардыгы мыйзамдын чегинде, тынч мүнөздө болот. Бүгүн Бишкек мэриясына билдирүү менин колум менен тапшырылды. Элдин эркин эч ким майтара албайт", - дейт Акаев.

Айта кетсек, буга чейин 17-сентябрда Бишкек шаарындагы жаштар аллеясында шайлоого байланыштуу “Биз коркпойбуз!” аттуу флешмоб өткөн. 22-сентябрда активисттер жаштарды таза шайлоого чакырган жүрүш өткөрүп, Бишкектеги жогорку окуу жайларды кыдырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jergetal
2017-09-25 20:34:53
Ушул жигиттен бир демке чыккыдай эл деп жургон жигитго менимче .
0
grace
2017-09-25 22:24:37
Жанар азамат, келечектеги биздин президентибиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан