Бүгүн, 25-сентябрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети салттуу оюндарды жана улуттук оюндарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.
Мыйзам долбоордо жазылгандай, спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндар кыргыз элинин маданиятынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. “Алардын көп кылымдык тарыхый таржымалы бар. Эң мыкты улуттук салттар иргелип отуруп, муундан-муунга өтүүдө. Ошондон улам иштеп жаткан мыйзамга “спорттун улуттук түрлөрү” жана “салттуу оюндар” деген түшүнүктөрдү киргизүү аркылуу аларды сактап калуу жана өнүктүрүү демилгеси сунушталды”, - деп жазылат долбоордо.