Депутат кыргыз тасмаларынан ырайымсыз мамиле көрсөтүлгөн эпизоддорго тыюу салууга каршы экенин айтты

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз кыргыз тасмаларынан ырайымсыз мамиле көрсөтүлгөн эпизоддорду (сценаларды) алып салууга каршы экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында “Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Анда согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн, улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган, улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмундагы эпизоддорго цензура киргизүү каралган.

“Ошондо “Курманжан датка” тасмасынан Алымбек датканын башын алып жаткан эпизодду алып салуу керекпи? Анда кандай тасма болуп калат? Тарыхка дал келбейт да. Кыска мөөнөттө андай көрүнүштөрдү көрсөтө албасак, кантип чыгарма жаратабыз? Порнографияга цензура киргизүүгө макулмун. Эпизодго эмес, мазмунуна цензура киргизүү деш керек”, - деди Садык Шер-Нияз.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков мурун тартылган тасмаларга эч ким тийишпей турганын айтып, мындан кийинки тасмалардагы сценалар карала турганын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан