Базарда баштык терип энеси менен инисин баккан өспүрүм кыз эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

Базарда баштык терип энеси менен инисин баккан Айчүрөк Сулайманова эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул тууралуу Балдарды коргоо борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, ал балдардын укуктары боюнча KidsRights фондунун эл аралык (The International Children’s Peace Prize) сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бул сыйлык жыл сайын балдардын укуктарын коргоо жаатында өзүн көрсөтө алган өспүрүмдөргө берилет.

"Айчүрөк Балдарды коргоо борборуна 2013-жылдан бери келип турат. Ал "Ош базарында" баштык чогултуп үй-бүлөсүн багып келген. Анын оор тагдыры ММКлар аркылуу чагылдырылгандан кийин жашоосу өзгөрдү. Айчүрөк борбордо күндүз оор тагдырга кабылган теңтуштарына укуктарын үйрөтөт. Буга чейин 400дөн ашуун балага тренинг өттү. Комитет сыйлыкка аны татыктуу деп тандаарына үмүт кылабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lion.
2017-09-25 20:01:46
Азаматсын!!! Чоноюп сулуу кыз болуп калыпсын.
+3
portugalia
2017-09-28 13:04:44
Татынакай кыз экен!Ак эмгектин наны кандай таттуу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан